АНГКОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:41, 4 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГКОР -- (кийин Ангкор – Тхом кхмерче – «Улуу шаар» дегенди билдирет) – Сием-Реап шаарынын (Кампучия) жанындагы храмдардын, сарайлардын, суу сактагычтардын жана каналдардын зоркомплекси. 9–13-к-да курулган. Яшодхарапура (9-к-дын аягында негизделген) менен Ангкор-Тхом (12-к-дын аягы) храмы, шаар урандылары, жыгач сарайлардын таш пайдубалы, тепкичтүү пирамида түрүндөгү «тоо-храмдары», анын ичинде скульптуралык жактан бай жасалгаланган ири Ангкор-Ват храмы (1113–50-ж. ч.) бар. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.