АТАЙЫН МЕКТЕПТЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ кем мүчөлүү же психикалык жактан кемчилдиги бар балдар үчүн жалпы билим берүүчү мектептер. Аларга дүлөй, сокур, начар көргөн, акылы кем, кекеч, полиомиелиттин кесепети бар ж. б. өзгөчө камкордукка муктаж балдар үчүн ачылган мектептер кирет. Аялуу балдардын ар бир категориясынын психикалык ж-а дене өнүгүшүнүн мыйзамченем дерин, өзгөчөлүктөрүн ж-а таанып-билүүчүлүк мүмкүнчүлүктөрүн тереӊ, комплекстүү изилдөөнүн натыйжасында мындай мектептердин ондон ашык тармагы түзүлгөн. Алар билим берүү министрлигинин карамагында мектептерди түзүүнүн жалпы принциптеринин негизинде уюштурулат, бирок структурасы, режими, тарбиялоо ж-а окутуу ыкмалары өз алдынча өзгөчөлүк төргө ээ. Атайын окуу планы, программасы, окуу китептери бар, аларда атайын дефектологиялык билими бар мугалимдер иштейт. Окуучулар бөлүнгөн категорияларына жараша жалпы билим алуу м-н бирге кесипке даярдалат. Бул мектептердин негизги милдети балдардын психикалык же дене бою жагынан кемчил өнүгүшүн оӊдоо болуп эсептелет, ошондуктан анын ар бир тибинин өзүнчө айырмалуу милдеттери бар.