АТАЙЫН КИЙИМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ иш убагында, өндүрүш жайларда, а. ч-сында кездешүүчү зыяндуу заттардан, кооптуу факторлордон адам денесин коргоого арналган кийимдер. Ал организмдин темп-расын туруктуу бир деӊгээлде кармап, зат алмашууну бузбай, ным, аба өткөрүп, хим. заттарды, тех. майларды, чаӊды ж. б. зыяндуу заттарды өткөрбөөчү сапатка ээ болуш керек. Колдонулушуна жараша бир нече топко бөлүнөт: дене коргоочу костюмдар (пневмокостюм, суу өткөрбөөчү костюм, скафандр), дем алуу органдарын коргогучтар (противогаз, респиратор ж. б.), бут кийимдер, калкан, башты коргоочу (каска, оттон, газдан ж. б. сактоочу баш кийим). Радиоактивдүү жайларда иштегендерге комбинезон, костюм, анын үстүнөн халат, алжапкыч, радиациясы өтө жогору болсо жылчыксыз, ичине таза аба үйлөтүлүп туруучу атайын костюм берилет. Ар бир ишкана зыяндуу өзгөчөлүгүнө байланыштуу А. к. м-н камсыз болот. Алар өз алдынча мамлекеттик үлгүгө же тех. көрсөтмөгө ээ. Ошонун негизинде А. к. коргоо белгиси ‒ эмблемасы м-н айырмаланат.