АСТРОФИЗИКA

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
астрономиянын асман телолорун, алардын системаларын, Ааламдын пайда болуусун, түзүлүшүн, хим. тегин, физ. касиеттерин ж-а алардын өзгөрүүлөрүн (эволюциясын) изилдөөчү ири бөлүмү. А-да асман телолорунун нур чыгаруусуна жараша инфракызгылт, оптикалык, ультракызгылт-көк, рентген нурларынын астрономиясы ж-а аларга ылайык астр. аспаптар колдонулат. А. изилдөө объектиси б-ча Күн, планеталар , жылдыз аралык чөйрө ж-а тумандуулук, жылдыздар физикасы, космология, ал эми ыкмасы б-ча астрофотометрия, астроспектроскопия, строколориметрияга бөлүнөт. А. 20-к-да жакшы өнүккөн. Ал теориялык ж-а практикалык болуп айырмаланат. Теориялык А. асман нерселеринин түзүлүш теориясын түшүндүрүүдө теориялык физиканын закондорун ж-а маалыматтарын пайдаланат. Практикалык А-да асман нерселерин изилдөөдө жаӊы ыкма радиотолкуну м-н байкоо жүргүзүүчү радиоастрономия пайдаланылат.

Ад.: Аллен К. У. Астрофизические величины. М., 1977; Соболев В. В. Курс теоретической астрофизики. М., 1985.