АСТРОНОМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(астро… ж-а гр. nomos ‒ закон) ‒ ааламда болуп жаткан физ. процесстер м-н кубулуштарды талдоонун негизинде асман телолорунун, системаларынын ж-а алардын ортосундагы мейкиндиктерди, жалпы эле Аалам ж-дөгү илим. А. сфералык астрономия , практикалык астрономия, астрофизика, асман механикасы, жылдыз астрономиясы , галактика дан тышкары астрономия , космогония , космология ж. б. бөлүмдөрдү камтыйт. А. адамдын практикалык муктаждыгынан, б. а. мезгилдик кубулуштарды алдын ала айтуу, убакытты эсептөө ж. бдан келип чыккан байыркы илим. Биринчи Жердин жасалма жандоочусун учуруу м-н (1937, СССР) А-нын жаӊы доору башталган. Космостогу эӊ чоӊ (диаметри 2,4 м) Э. Хаббл телескобу 1990 ж-а 2005-ж. Жердин орбитасына чыгарылып, Күн системасындагы телолорду ж-а планета аралык чөйрөнү изилдөөнүн жаӊы ыкмалары пайдаланылган. Азыркы А-нын калыптанышы дүйнөнүн геоборбору системасынан баш тартуу ж-а аны дүйнөнүн гелиоборбору системасы м-н алмаштыруу, асман нерселеринин (телолорун) телескоп м-н изилдөөнүн башталышы ж-а бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун ачылышына байланыштуу. Б. з. ч. 2000-ж. Кытайдагы А. мектеби кытай А-сынын өнүгүшүнө салым кошкон. А. о. эле Египетте, Индияда ж-а Грекияда өнүккөн. Байыркы Грекия астрономдору эч кандай аспапсыз эле көз м-н байкоонун негизинде чоӊ ачылыштарды жасашкан. Арисстарх Самосский бардык планеталар ж-а Жер кыймылсыз турган Күндү айланат деп далилдеп, дүйнөнүн гелиоборбору идеясын сунуш кылган. Шумер-аккад цивилизациясынын жрец-астрономдору көптөгөн кылымдар бою Күн, Ай ж. б. планеталардын кыймылдарын жылдыз фонунда катташкан. А-нын көп терминдери арабчадан келип чыккан, мис., зенит, надир, альманах. Птоломей б. з. 140-жылдарында «Альмагест» деген эмгегинде А. б-ча бүт билимди чогулткан. Ал о. кылымдын аралыгында

негизги жетектөөчү эмгек болуп, 17-к-га чейин А-лык ойлордун өнүгүшүнө таасирин тийгизген. 1543-ж. поляк окумуштуусу Н. Коперниктин «Асман сфераларынын байланышы жөнүндө» деген эмгеги чыккан. Кийин Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ж-а кыймылдын үч законун Ай ж-а планеталардын кыймылына пайдалануу Коперник, Кеплер ж-а Галилейдин иштерин бириктирген. Кийинки эки жүз жылдыкта А. эки багытта өнүккөн. Биринчисинде чоӊ ж-а кубаттуу телескоптун жардамы м-н Ааламдын көптөгөн аймактары изилденген. Экинчисинде ‒ планеталарды, анын жандоочуларын, кометаларды, астероиддерди изилдөөдө Ньютондун динамика закону ж-а кош жылдыздарды аныктоочу өсүү саны пайдаланылат.
Ад.: Воронцов-Веляминов Б. А. Мир звезд. М., 1952; Гильберг Л. А. Покорение неба. М., 1977. Струве О., Зебергс В. Астрономия ХХ в. М., 1968.