АГЕСИЛАЙ II

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (б. з. ч. 444‒360) ‒ Спартанын падышасы, кол башчы ж-а дипломат. Б. з. ч.

396‒394-ж. К. Азияда Персияга каршы согушуп, бир катар жеӊиштерге жетишкен. Спарта м-н Коринфтин ортосундагы согуш башталганда, А. Персияга каршы согушту токтотуп, кайра келген. Б. з. ч. 387‒386-ж. Анталкид тынчтыгы б-ча Коринф согушу токтотулган. Анталкид тынчтыгынан кийин А. Грецияда Спартанын үстөмдүгүн орноткон. Спартага зарыл болгон акча каражатын табуу максатында б. з. ч. 361‒360-ж. Египетке келип, египеттиктердин перстерге каршы күрөшүнө жардам берген ж-а династиялардын так талашуу үчүн болгон күрөштөрүнө катышкан. А. Египеттен мекенине кайтып келе жаткан жолдо каза болгон.