АНКИЛОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:30, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНКИЛОЗ (гр. ankylos – ийри) – эки сөөктүн муун башынын бир-бирине чапталып калышынан пайда болгон кыймылсыз абал. Негизги себептери муундун катуу кармаган өнөкөт инфекциялык сезгениши; сөөк учтарынын кырсыктан жабыркашы. A-до муун сөөктөрүнүн бетине фиброз, кемирчек, сөөк ткандары өсөт. Буту-колдун А-унда кол же бут сунулган б-ча же ар кандай бүгүлгөн абалда жазылбай калат. Алдын алууда кырсыкка жана сезгенүүлөргө учураган муундарды өз убагында туура дарылоо жана курорт, санаторийде дарылап, дарылоочу дене тарбия сунуш кылынат. Айрым түрлөрүн хирурггиялык жол менен дарылайт.