АРАБ ЖЫЛКЫСЫ
Jump to navigation
Jump to search
АРАБ ЖЫЛКЫСЫ – б. з. 1 миңинчи жылдарында Араб өлкөлөрүндө элдик селекция жолу менен чыгарылган миңгич жылкы. Анча чоң эмес, сымбаттуу. Ыйык жалынан бийиктиги 150—152 см, дене узундугу 149—150 см, көкүрөк курчамы 177 см,
шыйрагынын жоондугу 18—19 см. Өңү ак кула, боз. Орто кылымда Европага кеңири тарап, жергиликтуу жылкыны жакшыртуу үчүн пайдаланылган. А. ж. таза кандуу, ыкчам жүрүштүү миңги жылкыларды (англия таза кандуу жылкысы, орлов таскактуусу, тракенен, терек) чыгарууга катышкан. Чөлдүү жерге чыдамкай келет. Алыска чуркайт. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тараган. Кыргызстанда да бар. Жергиликтуу жылкы породаларын жакшыртуу максатында пайдаланылат.