АТМОСФЕРАЛЫК АЭРОЗОЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:18, 25 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТМОСФЕРАЛЫК АЭРОЗОЛЬ--атмосферадагы көзгө оӊой менен илээшпеген майда нерселердин (дисперсияланган бүркүндүлөрдүн) абада же газда чаӊгыттап турушу. Алардын өлчөмү 10‒1 ‒ 105 нмден (катуу) ‒102 ‒ 106 (суюк) нмге чейин. А. а-го ‒ жанар тоо чаӊы жана күлү, токой өртүнөн пайда болгон түтүн, топурак жана космос чаӊдары, туссуз жана деӊиз сууларынын тамчылары кирет. Табигый жол менен атмосферага өсүмдүктөрдүн споралары жана чаӊчалары, микроорганизмдер, органикалык ажыроо продуктулары кошулат. Алар А. а-дордун өзөгүн түзөт. Антропогендик таасирден пайда болгон А. а-дорго отун жаккандан жана өнөр жайдан чыккан калдык заттар, ошондой эле айдоо жерлерден шамал аркылуу көтөрүлгөн топурактын майда бөлүкчөлөрү кирет. Конденсациялык А. а-дордун өзөгүн суунун конденсациясынан пайда болгон булуттар менен тумандар түзөт. Булут түрүндөгү А. а-дор суунун айланышында мааниси зор; алар суунун табиятта айланышын жана температуралык режимин жөнгө салып турат. Радиоактивдүү А. а-дор (ядролук курал жардыруудан, радиоактивдүү материалдарды кайра иштеткенден пайда болгон), чаӊ куюндары, жанар тоо чаӊы менен күлү, смог жаратылышка коркунуч туудурат. О. эле к. Атмосфера, Аэрозолдор, Аэрозолдук булгоо.