АКРИЛ КИСЛОТАСЫ
АКРИЛ КИСЛОТАСЫ, э т и л е н к а р б о н к и с л о т а с ы, СН2=СНСООН – бир негиздүү каныкпаган органикалык кислота. Молеакулалык массасы 72,06, кескин жыттуу, түссүз суюктук, кайноо 1141°С. Сууда, спиртте, эфирде, СНС13тө, бензолдо эрийт. Ал оңой полимерленип, полиакрил кислотасын пайда кылат. Башка карбон кислоталары сыяктуу эле туздарды, хлорангидриддерди, татаал эфирлерди, амиддерди пайда кылат. Этилен сымал кошуп алуу реакцияларына кирет. Мисасы, суутек, галоген, галогендүү суутек молекулаларын оңой эле кошуп алат. Акрил кислотасы ацетиленди гидрокарбоксилдөөдөн, акролеинди, пропиленди кычкылдандыруудан алынат. Полиакрил кислотасын, ион алмаштыруучу чайырларды, каучуктарды, түрдүү эфирлерди, басмакана боёкторун, лак алууда колдонулат.