АМОРФТУК ЗАТТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:08, 21 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМОРФТУК ЗАТТАР – ички түзүлүшү б-ча бөлүкчөлөрү баш аламан, иретсиз жайгашкан катуу заттар. Мисалы, айнек, фарфор, чопо ж. б. А. з-дын айрымалаган эң негизги касиети изотроптук касиет, башкача айтканда анын физикалык касиеттери: жылуулук өткөргүчтүүлүгү, бышыктыгы ж. б. бардык багыттар боюнча бирдей болушат. А. з-дын белгилүү эрүү температурасы болбойт, алар температуранын жогорулашы менен жумшарып барып, температуранын кандайдыр интервалында эрийт.