АМОРФТУК АБАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:05, 21 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМОРФТУК АБАЛ (гр. amorfos – формасыз) – изомериялык касиетке ээ жана белгилүү эрүү температурасы болбогон кристаллдык эмес катуу заттардын абалы. А. а-дагы заттын температурасын жогорулатканда, акырындык менен жумшарып, бара-бара суюк абалга өтөт. Катуу заттын мындай өзгөчөлүгү аны түзгөн бөлүкчөлөрдүн жайгашуусунда алыскы иреттүүлүктүн жоктугу менен түшүндүрүлөт. Затты түзгөн атомдор жана молекулалар анын бардык көлөмү б-ча белгилүү иретте жайгашып турса, ал алыскы иреттүүлүк деп аталат. Кристаллдык заттардын структурасы - алыскы иретке, А. а-дагы заттар жакынкы иретке ээ. Жакынкы ирет суюк абалдагы заттарга да мүнөздүү. Көлкүлдөп эриген затты тез муздатканда А. а-дагы заттар алынат. Мисалы, кристаллдык кварцты көлкүлдөтүп эритип, кайра тез муздатканда аморфтук кварц айнеги пайда болот. Табиятта А. а-дагы заттар кристаллдык абалдагы заттарга караганда аз таралган. Акак, табигый мом, битумдар, полимерлер А. а-да болот.