АСТМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
19:52, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТМА (гр. asthma ‒ дем кыстыгуу, муунуу) ‒ бронх жылчыгынын тарышынан (к. Бронх астмасы ) же жүрөктүн жабыркоосунан (к. Жүрөк астмасы ) болуучу капысынан дем кыстыгуу (муунуу) оорусу. Ал капысынан кармайт. Бронх А-сы майда бронхтордун өткөргүчтүгүнүн бузулушунан (спазм, былжыр челдин шишиги), жүрөк А-сы кан айлануунун кичине тегерегинде кандын тез уюп, токтоп калышынан жана бронхтордун рефлекстик кысылуусунан болот. А. кармаганда тезинен медициналык жардам талап кылынат: отургузуу, таза аба менен дем алдыруу оорулуунун абалын жеӊилдетет. Дарыны врачтын көрсөтмөсү менен гана кабыл алуу керек.