АРСTАH

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:18, 16 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРСТАН (Leo) – мышык сымалдар түркүмүнө кирүүчү ири жырткыч айбан. Дене узундугу 91-317 см, куйругу 70-114 см, салмагы 91-390 кг. Тулку бою узун, башы чоң, кулагы кичине, буттары тулкусуна салыштырмалуу кыска, жоон, тырмактары ичине кирип турат. Денеси кыска жүн менен капталган. А-дын эркегинин баш, моюн, көкүрөк бөлүгү сапсайган узун жүндүү.

АРСTАH 28.png


Түсү бир өңчөй, күрөң сары; балдары темгилдүү. Боздоң жана саваннада кеңири таралган, ал үйүр түзүп жашайт. Көпчүлүк учурда түнкүсүн аң уулоого чыгат. А-дын үйүрүндө азыгын ургаачысы табат, ири жаныбарларга кол салат. Ал 2 жылда бир жолу 1-6, чанда жетини тууйт. А. зоопарктарда багылып, тукумдай алат, оңой үйрөтүлүп циркте ойнотулат, 25-30 жыл жашайт.