АЛТЫН ЖАЛАТУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:53, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫН ЖАЛАТУУ– архитектуралык фрагменттерди (капитель, консоль ж. б.) же буюмдарды алтындын буусу менен боёо. Алтын жалатуу төмөнкү ыкмаларда аткарылат: «муздак» Алтын жалатуу (алтын чад бүртүкчөлөрүн сүртүү); алтын амальгамасы (алтын менен сымаптын кошундусу) менен Алтын жалатуу (бул жол менен Санкт-Петербургдагы Исаакий соборунун мунарасы капталган); «оттуу» Алтын жалатуу – амальгама менен жабылган сүрөттү ысытуу (Суздалдагы Теңир эненин соборунун түштүк жана батыш эшиктери кооздолгон); «барактык» Алтын жалатуу – алтындын гальваникалык жол менен алынган жука баракчаларын чаптоо.