АК-БУЛАК - Ноокат районундагы кыштак
14:41, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) (Adina moved page АК-БУЛАК -Ноокат районундагы кыштак to АК-БУЛАК - Ноокат районундагы кыштак) тарабынан жасалган версия
АК-БУЛАК– Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Кыргыз‑Ата айыл аймагына караштуу. Кыргыз‑Ата суусунун оң өйүзүндө деңиз деңгээлинен 955 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 10 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 50 км. Калкы 4743 (2009); негизинен мал чарбасында, тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар.