АРИДДИК КЛИМАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:37, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) (Begay moved page АРИДДИК КЛЙМАТ to АРИДДИК КЛИМАТ) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИДДИК КЛИМАТ– абанын темп-расы жогору жана жаан-чачын аз жааган кургак климат.

Мында аба темп-расынын суткалык жана жыл­дык өзгөрүүсү кескин, жаан-чачын жок же өтө аз (жылына 100–150 мм) болот. Жылдык орт. нымдуулук коэфф. 30% ти түзөт. Сутка ичинде темп-ранын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жер кыртышындагы чулу тоо тектер талкаланып, кумга айланат. А. к. негизинен тропиктик жана субтропиктик алкактарга (Сахара, Араб ж. а-дагы чөлдөргө, Австралияга, о. эле Түн. жана Түш. Американын, Борб. жана О. Азиянын чөлдөрүнө) мүнөздүү.