АРАШАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:54, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАШАН – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Арашан айыл округунун борбору. Аламүдүн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Лебединовка кыштагынан жана Аламүдүн темир жол бекетинен 27 км түштүк тарапта, 1924-ж. отурукташкан. Калкы 3799 (2009); мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, маданият үйү, турмуш тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, жазуучулардын «Арашан» эс алуу үйү бар.