АРАРАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:48, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАРАТ (түркчө А г р ы д а г – ийри тоо; армянча М а с и с – улуу; иранча – Н о й т о о с у) – Армян тайпак тоосундагы эң бий­ик жанар тоо массиви. Түркиянын чыгышында (Армения менен Ирандын чек араларына жакын жеринде). Негизи бирге эки конустан – Чоң Арараттан (бийиктиги 5122 м) жана Кичи Арараттан (3896 м) турат. Базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Капталдарында лава, 4250 мден жогору дайыма кар жатат; 30дай мөңгү бар.