АЛИБАЕВ Атабек Пахырович
Jump to navigation
Jump to search
АЛИБАЕВ Атабек Пахырович (1968-жылы туулган, Баткен облусу, Кадамжай району) – техника илимдеринин доктору (2010). 1992-жылы БПИни бүтүргөн. Эмгек жолун КМТУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, окуу бөлүмүнүн начальниги; “Учкун” АКта КБнын инспектору, ТКБнын начальниги, маркетинг кызматынын жана продукциянын сапаты боюнча башкармалыгынын начальниги: Мамлекеттик комиссиянын алдындагы материалдык резервди камдоо боюнча директордун орун басары; ЖАМУда доцент, башкармалыктын начальниги, факультеттин деканы, окуу иштери боюнча проректор болуп иштеген. Илим жана техника тармагы боюнча КРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси. Ал 80 илимий эмгектин, анын ичинде 3 монография, 7 патенттин ээси.