АРАЛ кыштагы Талас району
11:37, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) (Begay moved page АРАЛ 8 to АРАЛ кыштагы Талас району) тарабынан жасалган версия
АРАЛ –Талас р-ндагы кыштак. Арал айыл округунун борбору. Райондун борбору Көк-Ой кыш-нан 55 км чыгыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 150 км аралыкта жайгашкан. 1929-ж. орношкон. Деңиз деңг. 1600 м бийиктикте. Калкы 3780 (2009); негизинен мал чарбасы жана дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, дарыкана, амбулатория, клуб, 2 китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.