АСЫЛ ТУКУМ МАЛ ЧАРБАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ белгилүү бир асыл тукум мал асыроочу чарба. Малдын асыл тукумдуулугун ж-а кунардуулугун арттырып, колдогу малды жакшыртуу ж-а жаӊы порода, породалык тип, линия ж-а тукум чыгаруу б-ча иш жүргүзөт. Ал асыл тукум мал з-ду, чарбасы ж-а фермасы болуп бөлүнөт. З-дордо мал породасынын тукумдуулугун улам жакшыртуу иши жүргүзүлөт . Порода кунардуулугу б-ча орточо деӊгээлинен жогорку, эӊ мыкты, таза кандуу элита ж-а 1-класстагы топтору болот. Анда малдын төлү з-ддун өзүндө, о. эле башка чарбанын малын толуктоо ж-а жасалма жол м-н уруктан дыруу ишканаларын тукумдук эркек мал м-н камсыз кылуу үчүн колдонулат. З-ддо породанын колдогу линиясы жакшыртылып, жаӊы линия, тип же порода чыгарылат. Бул чарбалардагы малдын төлү андагы малды толуктоо үчүн ж-а товардык мал өстүрүүчү чарба м-н фермаларда пайдаланылат. Кырг-нда кыргыз уяӊ жүндүү кою М. Н. Лущихин атн. асыл тукум кой з-дунда чыгарылып, «Каттаталдык», Кочкор, «Оргочор» асыл тукум кой з-ддорундагы кой фермаларында көбөйтүлүп, тукуму жакшыртылган. Тяньшань асыл тукум мал з-дунда чыгарылган жарым уяӊ жүндүү тяньшань кою Ак-Талаа, Нарын, Тогуз-Торо р-ндорунда асыралууда. Жарым кылчык жүндүү, куйруктуу алай кою Алай р-ндагы мурдагы «Кашка-Суу» асыл тукум мал з-дунда чыгарылган, азыр фермердик чарбаларда өстүрүлүүдө. Ала-Тоо ую Стрельникова атн. асыл тукум уй з-дунда ж-а Сокулук тажрыйба чарбасында асыралууда. Уйдун Олуя-Ата тукуму Талас өрөөнүндө чыгарылып, өстүрүлүүдө. Кыргыз жаӊы жылкысы Нарын, Талас, Ош жылкы з-ддорунда Дон жылкысы м-н таза кандуу миӊги жылкы Ысык-Көл ¹ 54 мамл. асыл тукум жылкы з-дунда асыралат .

А. Ажыбеков .