АСЫЛ МЕТАЛЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:37, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ дат баспаган, жаратылышта сейрек кездешүүчү металлдар. Аларга: алтын Au, күмүш Ag, платина Pt ж-а платина тобундагы (иридий Ir, осмий Os, палладий Pd, родий Rh, рутений Ru) элементтер кирет. Бекемдиги, туруктуулугу ‒ алардын асылдыгынын белгиси. М. В. Ломоносов металлды кенташтан хим. реактивдердин суудагы эритмесин колдонуп, бөлүп алууга негиз салган. Алтын көбүнчө валюталык металл катары, зергер буюмдарын жасоодо ж-а тиш салууда пайдаланылат. Күмүш дагы валюталык металл, бирок алтынга караганда техникада (өткөргүч, электр тиймеги ж. б.) көбүрөөк колдонулат. Платинадан атайын хим. идиш (платина тигелдери, чөйчөктөр) жасалат. Анткени ал 1200°С темп-рада да реакцияга кирбейт, салмагын өзгөртпөйт. Платинанын иридий куймасынан килограммдын үлгүсү ‒ эталон жасалган. Аны м-н бардык өлкөлөрдө тараза текшерилет, о. эле фотосүрөттө, кинодо, электроникада, радиотехникада кеӊири колдонулат.