АККУМУЛЯЦИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АККУМУЛЯЦИЯ (лат. accum.ula.tio – чогултуу, топтоо) геологияда – геологиялык процесстердин таасиринен талкаланган тоотектердин жана минералдык заттардын, органикалык калдыктардын жер бетине же деңиз, көл, суу түптөрүнө топтолушу. Алардан кийин диагенездин натыйжасында катуу чөкмө тектер пайда болот. Аккумуляциянын жанартоо жана чөкмө (седиментация) деген негизги 2 түрү бар. Чөкмөлөрдүн деңиз түбүндө топтолушун субаквалдык Аккумуляция, кургактагысын субаэралдык Аккумуляция деп аташат. Аккумуляциянын топтолуу орундары менен пайда болуу себептерине байланыштуу деңиз, көл, өзөн, шамал, мөңгү, органоген Аккумуляциясы болуп бир нечеге бөлүнөт. Аккумуляциянын натыйжасында аккумуляциялык рельеф пайда болот.