АККУМУЛЯТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:28, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АККУМУЛЯТОР (лат. accumulo – жыйнайм, чогултам) – учуру келгенде пайдалануу макса­тында электрдик энергия топтоочу түзүлмө, ал батарея деген ат менен да белгилүү. Аларды за­ряддоонун жүрүшүндө химиялык энергияны электр энергиясына өзгөртүүчү электр‑химиялык элемент колдонулат. Азыркы мезгилде көп таралган коргошун‑кислоталуу Аккумуляторду 1859‑жылы фрциялык физик Гастон Планте ойлоп тапкан. Топтолгон энер­гиянын түрүнө жараша Аккумулятор электрдик, гидрав­ликалык, жылуулук, инерциялык болуп бөлүнөт. Электрдик Аккумулятор электр энергиясын химиялык энергияга айландырып чогултат. Керек болгон­до ал энергия химиялык реакциянын негизинде кай­ра электр энергиясына айландырылып, электр тизмегине берилет. Электрдик Аккумулятордун кислота­луу жана жегичтүү деген эки түрү бар. К и с л о т а л у у Аккумулятордун электр кыймылдаткыч күчү жана пайдалуу аракет коэффициенти чоң болгондук­тан, кыймылсыз кубаттуу орнотмодо колдону­лат. Жегичтүү Аккумулятор – жеңил жана жөнөкөй жасалгандыктан транспортто кеңири пайдала­ньшат. Гидравликалык Аккумулятор суюктуктун же газдын басымын жана чыгымын теңдөө үчүн гидравликалык орнотмодо пайдаланылат. Ж ы­л у у л у к Аккумулятору өнөр жай орнотмолорун буу жана энергия менен үзгүлтүксүз жабдуу, жылуулук жана күч берүүнү теңдөө максатында жылуулук энер­гиясын чогултат. Инерциялык Аккумулятор сырткы күчтөрдүн кыймылын кинетикалык энергияга айландырып, аны кайра пайдаланат. Мисалы, ай­лануучу күүлөндүргүч дөңгөлөк.