АКАК КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:42, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАК КИСЛОТАСЫ, НООС – СН2 – СН2 – СООН - ­эки негиздүү органикалык кислота. Түссүз кристалл, эрүү t 182,8°С, сууда, спиртте, эфирде эрийт. Күрөң көмүрдө, акак чайырында, өсүмдүктө кезде­шет. Малеин кислотасын гидрлөөдөн жана акак чай­ырын кургак буулантуудан алынат. Эки негиздүү кислоталарга мүнөздүү реакцияларга кирет. Акак кислотасы полиэфир чайырларын, боёкторду, инсектицид­дерди, дары‑дармектерди, кээ бир пластмасса­ларды, фотоматериалдарды алууда ж. б. колдо­нулат.