АК КАРАГАЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:36, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК КАРАГАЙ (Abies) – кызыл карагайлар ту­кумундагы дарак өсүмдүгү. Бийикт. 30‑65 м, сөңгөгүнүн диаметри 2 мге чейин. Кабыгы агыш боз, жылмакай, 300‑350 ж. өсөт. Ийне жалбы­рактарынын уз. 2‑3 см, жоондугу 0,2‑0,3 см, бир үйлүү өсүмдүк, айрым жыныстуу. Мөмө берүүчү жаш тобурчагы – жашыл, бышканы – күрөң, уз. 10‑16 см. Уругу чоң, узундугу 1 смге чейин. Тобурчагы эрте күздө бышып, уруктары күбүлүп түшөт. Тамыры терең; сөңгөктүү жана бир нече күчтүү өөрчүгөн каптал тамырлары болот. Борбордук Европа тоолорунда жапайы түрдө таралган. Кыргызстанда Семенов Ак карагайы Батыш Теңир‑Тоонун реликт жана эндем түрү. Кыргызстандын Кызыл ки­тебине катталган.