АК-МУЗ - Ат-Башы районундагы кыштак
Jump to navigation
Jump to search
АК-МУЗ – Нарын облусунун Ат‑Башы районундагы кыштак. Ак‑Муз айыл аймагынын борбору. Боронду суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2400 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан 32 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 280 км. 1930‑жылы отурукташкан. Калкы 2793 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, оорукана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.