АК-КЫЯ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:27, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-КЫЯ КӨРҮСТӨНҮ – 1–5‑кылымдарга таандык ба­йыркы көрүстөндөр тобу. Нарын облусунун Ак­-Талаа районунан табылган. 1‑көрүстөн Ак‑Кыя жана Көк‑Жар айылдарынын ортосунда; 4 дөбө­-мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,3‑0,6 м, диаметри 6–8 м. Үстү томпок сымал. 2‑көрүстөн Ак‑Кыя айылынан чыга бериште жайгашкан; 4 таш дөбө-­мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,1–0,5 м, диаметри 6–12 м. 3‑көрүстөн Ак‑Сай айылынан 500 м чы­гышта, 16 таш дөбө‑мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,1–1 м, диаметри 7‑13 м. 4‑көрүстөн үчүнчү кө­рүстөндүн 400 м түндүк жагында; 12 мүрзөдөн ту­рат. Бийиктиги 0,3–0,9 м, диаметри 7–10 м. 5‑кө­рүстөн Ак‑Кыя айылынан 3–4 км чыгышта, На­рын дарыясынын оң өйүзүндө; 10 таш дөбө‑мүрзөдөн турат. Айыл чарба иштеринин натыйжасында көбү тү­зөлүп калган. Көрүстөндөрдү 1983‑жылы М. И. Мос­калёв тапкан. Археологиялык казуу иштери жүр­гүзүлгөн эмес.

                                                                      М.И.Москалёв.