АСТРОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(астро... ж-а logos ‒ окуу) ‒ асмандагы жарык чыгаруучулардын, айрыкча планеталардын жайгашуусу м-н тарыхый окуялардын, адам тагдырынын ортосунда байланыш бар деген ишеним окуу. А. системасы Байыркы Месопотамияда, Грекияда, Индия ж-а Кытайда өнүккөн. О. кылымда А. өзгөчө ислам өлкөлөрүндө ж-а Батыш Европада белгилүү болгон. А-лык окуулар алхимия ж-а сыйкырчылык м-н тыгыз байланышта болгон. Көптөгөн астрономдор бир эле убакта эллипистика А-ны өнүктүрүшүп, астролог болушкан. А-лык алдын ала айтууга астр. ж-а метеорол. кубулуштар, а. и. Ай ж-а Күндүн тутулушу, планета м-н жылдыздардын чыгышы ж-а батышы, планеталардын топ жылдыздарга салыштырма ж-а бири бирине карата жайгашышы негиз болот. Ар бир мындай кубулуш жерде болуучу айрым окуяны алдын ала билдирүүчү өзгөчө белги катары каралган. Азыр да кээ бир өлкөлөрдүн өнүгүүсүн, келечегин «алдын ала айтуу» үчүн астролог кызматын пайдаланышат (гороскоп түзүү). Байыртан берки эклиптиканы 12 зодиак топ жылдыздарына бөлүү А-нын негизин түзөт.