АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЧАРА
Jump to navigation
Jump to search
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЧАРА – укук нормаларын бузуучуларга карата мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы же кызмат адамы тарабынан мыйзамга ылайык колдонулган адм.инистрациялык жаза. Администрациялык чара жоопкерчилик чарасы болуп эсептелет да, администрациялык укук бузган адамды мыйзамдарды сактоо, коомдук жашоо эрежелерин урматтоо сезиминде тарбиялоо, ошондой эле укук бузуучунун өзүн ж. б. адамдарды жаңы укук бузуулардын алдын алуу максатында колдонулат. Администрациялык укук бузуулар үчүн колдонуучу жалпы эрежелер жазаларды колдонууда жасалган укук бузуунун күнөө даражасы, мүлктүк абалы, жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жанa оордотуучу жагдайлары (мүнөзү, күнөө даражасы, мүлктүк абалы) эске алынат.