АДЕНОЗИНФОСФОР КИСЛОТАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:02, 30 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДЕНОЗИНФОСФОР КИСЛОТАЛАРЫ, н у к л е о т и д д е р– аденозинмоно-, ди- жана три­фосфат кислоталары (АМФ, АДФ, АТФ). АМФ (C10H14N5O7P) – адениндин, рибозанын жана бир молекула фосфор кислотатасынын калдыктарынан пайда болгон нуклеозидмонофосфат. АМФ ри­бонуклеин кислоталарынын жана АТФнын гидролиз­денишинен пайда болот. Ал тирүү организмдер­дин жашоосунда негизги ролду аткарып, та­таал биологиялык бирикмелердин (нуклеотиддердин, рибонуклеин кислоталарынын, коферменттердин ж.б.) курамдык бөлүгү болуп эсептелет. АДФ (C10H15N5O10P2 )– адениндин, рибозанын жана эки молекула фосфор кислотасынын калдыктарынан пайда болгон нуклеозидди фосфат. Ал бардык тирүү организмдердин курамында кездешип, энергия алып жүрүүчү зат болуп эсептелет. АТФ (C10H16NsO13P3) – адениндин, рибозанын жана үч молекула фосфор кислотасынын калдыктарынан пайда болгон нуклеозидтрифосфат. АТФ фер­менттердин жардамы менен гидролиздөөдөн алы­нат. Кадимки шартта сууда жакшы эрүүчү, туруктуу туздарды пайда кылуучу, түссүз кристалл. Химиялык курамы боюнча нуклеотиддерге кирет. Табиятта дээрлик бардык тирүү организмдердин курамында кездешет.

                                                                                      С. А. Адылов.