АДВЕНТЙКА ОРГАНДАРЫ
14:55, 29 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Removed redirect to АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ) тарабынан жасалган версия
АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ (лат. adventicius келгин, адаттан тышкары) – өсүмдүктүн калыптанып бүткөн бөлүктөрүнүн адаттан тышкары жеринде, экинчи түзүүчү ткандардан пайда болгон көмөкчү органдар (бүчүрлөр, тамырлар). Мисалы, адвентивдик бүчүрлөр адаттагыдай сабактын учуна же муунуна – жалбырак колтугуна чыкпастан, сабактын муун аралыгында, жалбыракта жана тамырда пайда болот; ал эми адвентивдик тамырлар сабактан, жалбырактан өсүп чыгат. Алар өсүмдүк шагын, тамыр системасын байытат, кээде негизги тамырларга тете болот.
А.Мурсалиев.