АК-МУЗ - Ат-Башы районундагы кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:40, 28 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-МУЗ – Нарын облусунун Ат‑Башы районундагы кыштак. Ак‑Муз айыл аймагынын борбору. Бо­ронду суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2400 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-­Башы кыштагынан 32 км чыгыш тарапта. Балык­чы темир жол бекетинен 280 км. 1930‑ж. оту­рукташкан. Калкы 2793 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепка­на, оорукана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.