АК-КЫЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:34, 28 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-КЫЯ – Ош облусунун Кара‑Кулжа районундагы кыш­так. Кара‑Кочкор айыл аймагына караштуу. Ак­-Кыя суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1430 м би­йиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-­Кулжа кыштагынан 8 км. Кара‑Суу темир жол беке­тинен 86 км. 1936‑ж. отурукташкан. Калкы 2528 (2009); негизинен дыйканчылыкта жана мал чар­басында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.