АК-БЕЙИТ АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:13, 24 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-БЕЙИТ АШУУСУ Ат‑Башы кырка тоосунун батыш учу менен Арпанын Ала‑Тоосунун аралы­гындагы белбаскакта (Кара‑Суу, Орток тооло­рунун аралыгында) жайгашкан. Бийиктиги 3286 м. Ашуудан Орток жана Кара‑Суу тоолорунун кыр­лары 200–240 м, Ат‑Башы кырка тоосунуку 300–1100 мге көтөрүңкү жатат. Ат‑Башы өрөөнүн Арпа, Ак‑Сай өрөөндөрү менен байланыштырат. Ал аркылуу Бишкек – Торугарт автомобиль жолу өтөт. Аты ага жакын жердеги күмбөзгө байланыштуу пайда болгон.