АЙДАРКЕН ФЛЮОРИТ КЕНИ
Jump to navigation
Jump to search
АЙДАРКЕН ФЛЮРИТ КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Айдаркен руднигинен 8 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1650–1950 м бийиктикте. Түштүк Кыргыз геолологиялык экспедициясы чалгындоо иштерин жүргүзүп, 1978‑ж. запасын бекиткен. Карбон мезгилинин тоо тектеринен түзүлгөн ар түрдүү брекчияларындагы сымап‑сурьма кенташ тулкулары менен флюорит минералы байланышкан. Флюорит майда кристаллдуу уя түрүндө кездешет. Кенташтагы флюорит 16,57%ин түзөт. Флюоритти металлургияда флюс катары пайдаланса болот. Флюориттин С1 категориясы боюнча запасы – 267 миң т, С2 – 270 миң т, 1997‑ж. карата баланстагы запасы Ц – 261 миң т, С2 – 269 миң т.