АДАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:21, 16 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАЛ, х а л а л (ар. ‒ «эркин», «байланбаган») ‒ шарият мыйзамдары боюнча адамга уруксат этилген, ислам этикасына жооп берген иш-аракеттер, нерселер: 1) жегенге жарамдуу азык-түлүк; 2) адамдын ички тазалыгы; 3) таман акы, маӊдай тер менен табылган киреше; 4) ажылыкка барып келип, кайрадан өз ишине кайрылып, күндөлүк турмушта жашоосун уланткан адамдын абалы ж. б. Башкача айтканда исламда тыюу салынган иш-аракеттерге карама-каршы түшүнүк, к. Арам, х а р а м.