АВСТРИЯ-ТҮРКИЯ СОГУШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:14, 11 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВСТРИЯ-ТҮРКИЯ СОГУШТАРЫ (16‒18-к.) ‒16-кылымдын 20-жылдарынан негизинен Балкан жарым аралынын түндүк бөлүгү жана Венгрия королдугунун аймагы үчүн австриялык Габсбургдар менен Осмон империясынын ортосунда күрөш жүргөн. 1521-жылы түрктөр Венгрияга жортуул жасап Белградды ээлейт, кийинчерээк венгриялык-чехиялык армияны талкалайт (29-август 1526). 1532‒33, 1540‒47, 1551‒62, 1566‒68, 1660‒64-жылдарда Австрия-Түркия согуштарынын жыйынтыгы Австрия менен Түркиянын Венгрия королдугунун аймагын бөлүштүрүп алуу менен аяктаган. 1683‒99-жылдары согуш Түркиянын аскерлеринин Австрияны басып кирүүсү, Венаны курчоосу менен (1683) башталып, түрктөргө каршы түзүлгөн коалициянын (Австрия, Польша, Венеция, 1686-жылы Россия) аскерлеринен жеӊилген жана Европадагы ири аймактарынан айрылган. Ушундан соӊ түрктөр Борбордук Европадан чегинген. 1737‒39, 1788‒90-жылдарда Австрия-Түркия жана 1735‒39, 1787‒91-жылдары орус-түрк согуштарында Россия тарапта катышкан Австрия жеӊилип калган соӊ, Осмон империясына Сербиянын жана Валахиянын айрым бөлүктөрүн кайтарып берген.