АВАРИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АВАРИЯ (итал. avaria, ар. авар - зыянга учуроо, кыйроо)– ар кандай себептин натыйжасында машина, учуучу аппарат, станок, техникалык каражаттардын күтүүсүздөн зыянга учуроосу, бу-
зулушу. Экологияда Авария түшүнүгү чоң мааниге ээ. Ар кандай таасирлердин натыйжасында кандайдыр бир аймактын экологиялык стандартка жооп бербей жарактан чыгып калышы да Авария болуп саналат. Мис., Чернобыль АЭСиндеги Авария (1986-ж. апрель). Радиациялык булгануудан бул аймак (160 миң км2) көп жылдарга колдонуудан чыгып калган. Ошондой эле 1998-жылы май айындагы Барскон суусундагы Авариядан да жергиликтүү калкка жана аймакка бир топ залака тийген, к. Барскон кырсыгы.