АБРАМОВ Алексей Фёдорович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБРАМОВ Алексей Фёдорович [31. 12. 1925, Башкыр АССРи (Башкыртстан), Даниловка кыштагы – 12. 6. 2010, Россия] – Даңк орденинин толук кавалери.

АБРАМОВ54.png

1936-жылдан Кыргызстандын Ош облусундагы Көк-Жаңгак шаарында жашаган. 1943-жылы Советтик Армияга чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Смоленск, Ржев, Витебск шаарлары, Нарев плацдармы үчүн болгон уруштарга, Данциг менен Кёнигсбергди алууга катышкан. Согуш майданында көрсөткөн эрдиги үчүн Абрамов 3- жана 2-даражадагы Даңк орденин алууга татыктуу болгон. Эльбага жакын аймакта салгылашуудагы Абрамовдун эр жүрөктүүлүгү жогору бааланып, ал 1-даражадагы Даңк орденине татыктуу болгон. Согуштан кийин Көк-Жаңгак шаарына кайтып келип, шахтёрлук кесибин кайра уланткан. Медалдар менен да сыйланган.