АБДЫРАХМАН Күчүк уулу
АБДЫРАХМАН Кучак уулу (болжолу 1739–20. 6.1789) – элчи; сарыбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр орус император айымы Екатерина IIге жиберген элчилердин башчысы. Элчилер 1785-жылы сапарга аттанып, Омск - Петропавловск - Челябинск - Екатеринбург - Москва - Петербург маршруту боюнча жол кезишкен.1785-жылы 15-мартта Петербург шаарында Екатерина II элчилерди салтанаттуу кабыл алган. Абдырахман Кучак уулу жана Шергазы Екатерина IIге Атаке бийдин атынан жазылган катты, үч илбирс, беш сүлөөсүн терисин жана бир кул тартуулашкан. Катта кыргыз бийинин орус император айымын урматтаары, кыргыз жери аркылуу орус кербендеринин ээн-эркин өтүшүнө, алардын коопсуздугун коргоого кепил болоору тууралуу айтылган. Екатерина II жооп катары Атаке баатырга 800 рубль күмүш акча белек берип жиберген, Абдырахманга 100 рубль берген. Элчилер кайрадан Москва - Казань - Уфа - Челябинск - Пешан - Петропавловск аркылуу кайтып, 1789-жылы 2-январда Омскиге жетишкен. Бул жерден ал Атаке баатырга «элчиликтен ийгиликтүү кайттым» деп кат жөнөткөн. Ал 1789-жылы 20-июнда Петропавловск шаарындагы мечитте дүйнөдөн кайткан.