АБДУЛЛАЕВ Хабиб

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДУЛЛАЕВ Хабиб Мухамедович [18 (31). 7. 1912, Ош обл., Араван р-ну, Араван кыш. - 20. 6. 1962, Ташкент] - геолог, геология-минералогия илимд. доктору (1946), Өзбекстан ИАнын ака-

АБДУЛЛАЕВ33.png


демиги (1947), СССР ИАнын корр. мүчөсү (1958). О. Азия индустриялык ин-тунун геология ф-тин бүтүргөн. Москва геол. чалгындоо ин-тунда (1936). О. Азия политех. ин-тунда (1940) окутуучу. О. Азия индустрия жана Өзбекстан ИАнын Геология ин-тунун директору (194150), Өзбекстан ИАнын президенти (1956-62). А. петрологиянын теор. маселелерин, кен илими ж-дө окуу ну, скарн жана аны менен байланыштуу болгон кендердин проблемасын иштеп чыккан. Айрым кен байлыктардын пайда болушу жана алардын жер кыртышында таралыш мыйзам-ченемдүүлүгү ж-дө ил. теорияны көтөргөн. 130дан ашык эмгеги (анын ичинде 6 монографиясы) бар; айрымдары дүйнөгө маалым. Лениндик сыйл. (1959), Өзбекстандын Бируни атн. мамл. сыйл. лауреаты. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, үч Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Собрание сочинений, 1-7 т. Таш., 1964-69.