«АКАЛТЫН» акционердик коому
Jump to navigation
Jump to search
"АКАЛТЫН"– акционердик коом (1993). 2000‑жылы Түштүк Кореянын «ТВ-ТЕХ» фирмасы менен бирдикте медицина ватасын чыгаруу боюнча ишкана болуп түзүлгөн. 2003‑жылы май престөөчү өндүрүш курулуп бүтүп, эксплуатацияга берилген. Учурда негизги багыты – пахта үрөндөрүн кайра иштетүү. 1926‑жылы Кара‑Суу шаарында негизделген. Жылдык кубаттуулугу 100 миң тонна. Заводдун Ноокен районунда, Кара‑Суу, Кумарык, Учкун, Төлөйкөн жана Сакалды айылдарында филиалдары бар.