АЛИНАЗАРОВ Садык

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:19, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Садык [1914, Пишпек ш. (азыркы Бишкек) ‒ 7. 3. 1969] ‒ Сов. Союзунун Баатыры (1943). Сов. Армияга чакырылганга чейин (1942) Фрунзедеги эт комбинатында жумушчу болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта 280-аткычтар дивизиясындагы 103-аткычтар полкунун катардагы жоокери болгон. 
АЛИНАЗАРОВ76.png

1943-ж. 25-сентябрда түн ичинде Днепрден биринчи лерден болуп сүзүп өткөн. Дарыянын оӊ жээгине плацдарм курган сов. жоокерлер тобу бир түндө душмандын 12 контр чабуулунун мизин. Ошондогу эрдиги үчүн А-го Сов. Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Согуштан кийин Бишкек ш-нда эмгек жолун кайрадан уланткан.