АЛЕКСАНДР АФРОДИЙСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:03, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Кичи Азиядагы Афродисие ш-нан, 2‒3-к.) ‒ байыркы грек философу, Афиныдагы перипатетикалык мектептин башчысы, Аристотелдин комментатору. Теӊир руху адам жанын мекендеши мүмкүн экенин айтып, бирок ал жандын өлбөстүгүн четке каккан. «Жан жөнүндө» деген чыгарманын комментарийинде акылдын үч жактуулугу (нус) концепциясын өнүктүргөн. Ал о. кылымдагы араб ж-а еврей философиясына таасирин тийгизген. Анын комментарийлери эмдигиче ил. маанисин сактап келүүдө. 
Ш. К. Алиева.