АГРАРДЫК ИЛИМ ЖАНА КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ БОРБОРУ
Jump to navigation
Jump to search
‒ ил. өндүрүштүк мекеме. КРдин Президентинин 2001-жылдын 31-октябрындагы жарлыгы ж-а КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы токтому м-н КРдин Айыл, суу чарба ж-а кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдында түзүлгөн. Борбордун карамагына Кырг-н дыйканчылык ИИИ, А. Дүйшеев атн. Мал чарба, ветеринария ж-а жайыт ИИИ, Ирригация ИИИ, Агрардык экономика ж-а кайра иштетүү өнөр жай ИИИ, «Тамеки» ил. өндүрүштүк станциясы, үрөнчүлүк, эксперименттик чарбалар, таяныч пункттары ж-а мамл. асыл тукум мал з-ддору кирет. Борбор негизинен агр. тармакта ил.-из-лөрдү жүргүзүп, алардын жетишкендиктерин фермердик, дыйкан, кооперациялык чарбаларга жайылтат ж-а аларга кеӊеш берет; ил.өндүрүштүк конференция, семинар, симпозиум ж. б-ды уюштурат; агр. илимдин жетишкендиктерин пропагандалайт ж-а жайылтат ж. б. Кырг-нда агр. илим тармагында жалпысынан 280 ил. кызматкер (а. и. 2 академик, 1 корр.-мүчө) эмгектенет. Борбордун ин-тарында жети адистик б-ча докторлук ж-а кандидаттык диссертация коргоонун 3 диссертациялык кеӊеши иштейт. Борбор ил.-из. тармагын да Борб. Азия ж-а Кавказ мамлекеттеринин ИИИтары, ун-ттери, эл аралык ICARDA (Сирия), CЮMMЮЕ (Мексика), IPGRI (Италия), GАAR (Италия), ICИA (Сауд Аравиясы) ж. б. ил.-из. борборлору м-н тыгыз байланышта болгон
А. С. Ажибеков .