АЛМАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:32, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(1921-ж. чейин Верный, 1993-ж. чейин Алма-Ата) ‒ Казакстандагы шаар, Алматы обл-нун адм. борбору. Иле Ала-Тоосунун түн. этегинде (650‒950 м бийиктикте), Чоӊ ж-а Кичи Алматы сууларынын боюнда, деӊиз деӊг. 700‒

900 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1,6 млн (2015). Темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар.
Региондун дүӊ продуктусунун үлүшү б-ча Казакстанда А. 1-орунду (14,5%, 2002) ээлейт. Металл буюмдарын өндүрүүчү, оор ма

Алматы телекөрсөтүү мунарасы.

шина куруу з-ду («Эталон», «Альфа Плюс»), «Монтажинжиниринг» нефть-газ, «Бипарз» мед. жабдуу ж. б., хим. («Казфосфат» , «Нитропродакт» ‒ минералдык жер семирткич), жеӊил («Фараб» ‒ пахта жиби, «Ырыс» ‒ тери иштетүү, булгаары өндүрүү), тамак-аш («Фудмастер» ‒ сүт азыктары, ун комбинаты, «Тян» колбаса, «Сусындар» ‒ пиво ж-а алкоголсуз суусундуктар) ж. б. өнөр жайы бар. Сувенирлер («Керамика» ф-касы, «ТУСКИИЗ» ‒ улуттук кийим ж. б.) чыгарылат. 1998-ж. эркин ишкерлер зонасы деп жарыяланган.
Иле Ала-Тоосунун этегиндеги Алматы калаасы ж-дөгү алгачкы жазма даректер Рашид ад-Диндин эмгектеринде кездешет. 1251‒59-ж. француз королу Людовик IXнун элчиси ж-а кытай саякатчысы Чжан Дэ бул шаардын кыйраган калдыктарын өз көзү м-н көргөндүгүн жазган. Аймактын Россияга кошулушуна байланыштуу 1854-ж. Алматы кыш-нын ордуна Иле аскер чеби салынып, кийин Верный чеби деп аталат. 1867-жылдан Верный ш. аталып, Жети-Суу обл-нун борбору болгон. 1918-ж. 2-мартта мында Совет бийлиги орногон. Граждандык согуш жылдарында (1918‒22) Верный ш. Жети-Суунун аскердик ж-а саясий борбору болгон. 1921-жылдан азыркы атында. 1924‒25-ж. Кыргыз АССРинин, 1929-жылдан Казак АССРинин, 1936-жылдан Казак ССРинин, 1991‒97-ж. Ка закстан Республикасынын, 1997-жылдан Алматы обл-нун борбору. 1989-ж. анда Желтоксон окуясы болуп өткөн.
Казакстан УИАсы, 70тен ашык ЖОЖ (а. и. Казакстан ун-ти, Курмангазы атн. улуттук консерватория), китепканалар (улуттук, респ., балдар), театрлар, музейлер (Казакстан тарых музейи, Мамл. иск-во музейи, казак жазуучусу М. О. Ауэзовдун үй музейи, элдик колдонмо өнөр музейи ж. б.), Абай атн. опера ж-а балет театры, М. Ю. Лермонтов атн. респ. орус драма, М. Ауэзов атн. казак драма театрлары, цирк, филармония, немец театры бар. «Казакфильм» кинокомпаниясы, мамл. симф. оркестр, мамл. акад. капелла, Курмангазы атн. оркестр, композиторлор союзу иштейт. 1994-жылдан Эл аралык форум, салттуу музыка фестивалы, 1990-жылдан акындар айтышы өткөрүлүп турат. Жер титирөөдөн (акыркы жолу 1911- ж-а 1921-ж.) ж-а селден бир нече жолу жабыр тарткан, селге каршы курулмалар тургузулган. А-га жакын дүйнөдөгү эӊ ири кышкы спорт комплекси Медео курулган. Дүйнөдөгү эӊ бийик, орус стилинде эмес, жыгачтан курулган Вознесенск собору (бийикт. 54 м; А. П. Зенковдун долбоору б-ча теӊир тоо көк карагайынан салынган) сакталган. Ун-т, башкы почта ж. б. курулуштарында, конструктивизмдин таасири даана байкалат. Казак УИАнын ансамблинде классика ж-а улуттук арх-ра басымдуу. 1990-жылдан жаӊы райондор («Самал» ж. б.), диний курулуштар курулуп, эстеликтер тургузулган.
Ад.: Маляр И. И. Алма-Ата. М., 1990.
Р. Карачалова, А. Орозов.