АЛЛЕГОРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (гр. allegoria ‒ каймана айтуу) ‒ 1) к ө р к ө м с ү р ө т и с к у с с т в о с у н д а ‒ кээ бир абстракттуу түшүнүктөрдү адамдын ассоциациясына жакын конкреттүү образдар, жандыктар же предметтер м-н жандуу элестетип сүрөттөө (мис., адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты колунда таразасы бар аялдын элеси м-н берүү). А-лык сүрөттөө адатта аларды чечмелеп берүүчү атрибуттар дан турат. А. айрыкча өткөн заманда (мис., готика ж-а итал. Кайра жаралуу мезгилинде) кеӊири колдонулган. Ал эми сөз пайдалануу практикасында А. м-н символ көп учурда жакындашып кетет. Кыргыздын элдик оозеки чыгармаларында А. символдон айырмаланып, конкреттүү бир гана мааниге ээ. Амалкөйлүк ‒ түлкүнүн, ачкөздүк ‒ карышкырдын, жоош, момундук ‒ койдун, кыз ‒ гүлдүн элестери аркылуу берилет. Жазуучу лар кээде чыгармаларындагы каармандардын аттарын да А. маанисинде колдонушу мүмкүн; 2) а д а б и я т т а ‒ абстракттуу идеянын (түшүнүктүн) образ аркылуу берилиши; ад-т м-н иск-во чыгармаларында көрүнүштөрдү каймана сүрөттөө, образдарды өтмө мааниде берүү. Аллегориялык сүрөттөө оозеки чыг-та кеӊири пайдаланылган. Тоголок Молдо «Иттин доолдай тиктирем дегени» тамсилинде жалкоо адамды иттин аллегориялык образы м-н каймана мааниде көрсөтөт.