АЛИ ИБН АБУ-ТАЛИБ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(17. 3. 599, Мекке ‒ 21. 1. 661, Куфа) ‒ «Такыба халифтердин» төртүнчүсү ж-а акыркысы, Мухаммед пайгамбардын аталаш тууганы ж-а күйөө баласы (Фатиманын күйөөсү). Исламда шиит кыймылынын жаралышы А. м-н байланыштуу. 7-к-дын 50-ж-нын орто ченинде Осмондун башкаруусуна нааразычылыктар күч алып, 636-ж. көтөрүлүш башталган. Анын жүрүшүндө Осмон халиф өлтүрүлүп, египеттиктердин сунушу б-ча Али халиф болуп жарыяланат. Осмондун аталаш тууганы, Сириянын башкаруучусу Муавий, Мухаммеддин бир топ тарапкерлери ж-а пайгамбардын жубайы Айша А-ге каршы чыгышат. Бийлик үчүн болгон саясий күрөштө мусулмандар А-дин тарап

керлери ‒ шииттерге ж-а ага каршы чыккан ‒ сунниттерге бөлүнөт. 657‒660-ж-нын аралыгында Муавийге каршы согушта ийгиликке жете албаган Али 661-ж. Куфа шаарында Харижит (к. Харижит ) тарабынан өлтүрүлөт. Эл ичинде айтылган маалыматтарга караганда, ал Куфанын алдында (Неджеф ш.) коюлган ж-а ал жер кийин шииттердин ыйык жайына айланган. Али тарыхка исламдагы эӊ бир кайгылуу ж-а кайчы мүнөздөгү адам катары кирген.